Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:53

Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет


Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине нааразы болгон токойчулар кечээ өлкө башчысынын кабылдоосунда болушкан. Көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Роза Отунбаева Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүү чечимине келген.

Тургуналиевге каршы чыгып аткан токойчулар “ууру-кески” деп атап абройлоруна шек келтиргени үчүн Т.Тургуналиевди сотко берүүгө ниеттенип жаткандарын билдиришти.

Топчубек Тургуналиев 7-апрелдеги окуялардан кийин Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттиктин жетекчиси болуп дайындалган. Т.Тургуналиевдин аталган агенттиктеги жүргүзгөн иштерине нааразы болгон токой чарбасынын 200гө чукул кызматкерлери буга чейин митинг өткөрүшүп, аны кызматтан кетирүү талабын коюшкан.

Топчубек Тургуналиев болсо ишинде олуттуу кемчилик кетирген жетекчилер агенттиктин коллегиясынын чечими менен кызматтан алынганына нааразы болушуп, атайын элди уюштуруп митингге чыгышканын билдирген.

Учурда аталган агенттикти убактылуу Абдымитал Чынкожоев жетектөөдө. (EK)

XS
SM
MD
LG