Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Бишкектин кире беришине аскер коюлду


Бишкектин кире беришинде Ысык-Көл облусу тараптан келүүчү жол тосулуп, атайын бөлүктүн аскерлери жана милиция кызматкерлери шаарга келаткан унааларды текшерүүгө алышууда.

“Мекен туу” партиясынын Балыкчы шаары боюнча координациялык тобунун мүчөсү Темирбек Жунушов “Азаттыкка” билдиргендей, атайын бөлүктүн куралчан кызматкерлери ар бир унааны текшерип, эмне себептен шаарга баратышканын сурап, курал-жарак табууга аракет кылышууда. Анын айтымында, аскердик техникалары менен турган органдын кызматкерлери менен Балыкчыдан келаткан авто колонна кагылышып кетүүсү да ыктымал.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, күч органдары коомдук тартипти сактоо багытында гана иш алып барышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG