Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Бишкекте миграцияга байланыштуу жыйын өтөт


Бишкек шаарында 12-14-август күндөрү Орусия жана Казакстандагы кыргыздардын диаспорасы болгон “Замандаш” ассоциациясы конференция өткөрөт. “Замандаштын” кезектеги тогузунчу конференциясы “Апрель жана июнь айындагы окуялардын Кыргызстандагы эмгек миграциясына таасири” деп аталууда.

Аталган жыйында Орусия жана Казакстандагы эмгек мигранттарынын абалы, ал жактагы диаспоралардын жана мигранттар уюмдарынын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдөгү орду тууралуу талкуу жүрмөкчү. Жыйынга Орусия жана Казакстандагы элүүдөн ашык кыргыз диаспораларынын лидерлери, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык жана жарандык коом өкүлдөрү катышмакчы. Конференция Бишкектеги “Hyatt” мейманканасында өтөт. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG