Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Бишкекти шайлоо алдындагы жарнактардан тазалоо үчүн ишембилик өтөт


16-октябрь Бишкекте ишембилик күнү деп жарыяланганын борбор калаа башчысы Иса Өмүркулов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, ишембилик негизинен шаарды шайлоо алдындагы үгүт материалдарынан тазалоо максатында уюштурулууда жана ага бардык саясий партиялардын мүчөлөрү чакырылды. "Алар биздин сунушубузду кандай кабыл алышат, мына ошондон да партиялардын ишмердүүлүгүнө баа берүүгө болот", - деп билдирди И. Өмүркулов. Шаар мэри бүгүнкү шайлоого бишкектиктер начар катышып жаткандыгын белгилеп, ошол эле учурда алдыдагы бир нече сааттын ичинде добуш берүү күч алат деген ишеничин кошумчалады.

БШКнын маалыматы боюнча, саат 17ге карата Бишкекте добуш берген жарандардын саны шайлоочулардын 25,28% түздү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG