Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Саясий сахнадагы сандар чатагы


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жактоочулары Бишкектин эски аянтында митингде турушат
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жактоочулары Бишкектин эски аянтында митингде турушат

Кыргызстандагы курчуган саясий кырдаал, анын себептери жана ыктымал кесепеттери «Азаттыктын» кезектеги тегерек үстөлүндө негизги тема болду.

Талкууга катышкандар:





Эдил Байсалов, «Айкөл эл» партиясынын лидери






Уран Ботобеков, саясат талдоочу








Жыргалбек Касаболотов, саясат талдоочу






Дооматтар канчалык негиздүү?


"Азаттык": Парламенттик шайлоого байланыштуу азыр бир катар саясий күчтөр нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат, 10-октябрдан бери. Алардын бири - беш пайыздык чекке БШК атайылап жеткирбей жатат деген доомат коюп аткан «Бүтүн Кыргызстан» партиясы жана экинчиси - "Ата Журт" партиясы менен кошо мурдагы президент Курманбек Бакиевдин саясий тарапкерлери бийликке келатат деп кооптонгон «Мекен шейиттери» өңдүү апрель окуясынан кийин түзүлгөн кыймылдар. Бул аралыкта 5 пайыздык чектен өттү деген саясий партиялар ымалага келе албай жарга такалып турган кези. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 5 пайыздык чекти БШК атайылап көтөрдү деген дооматтар канчалык деңгээлде сиздерди ынандыра алат? Эгерде чын эле ошондой болсо, кандай кызыкчылык бар БШКда «Бүтүн Кыргызстанды» атайлап тосконго?

Эдил Байсалов: "Бүтүн Кыргызстандын" аргументтери деле ынана тургандай болуп атат, абдан жүйөлүү фактыларды келтирип атышат. БШК 142 миң деп айтканын биз деле укканбыз, ага деле күбөбүз. Экинчи жагынан, албетте, БШК тарабында ЕККУ эл аралык комиссиялардын отчетунда жазылып турат, ушундай бир мүчүлүштүк бар экен, жалпы шайлоочулардын саны шайлоо күнүнүн аягында эле белгилүү болот экен дегени бар. Ошондуктан биз муну ар кандай эмоционалдуу, же кандайдыр бир саясий кызыкчылыгыбыздан айтышыбыз мүмкүн, «Бүтүн Кыргызстан» өтсүн же өтпөсүн деп. Бирок жанагынча шайлоочулардын кызыкчылыгы бар. Ошон үчүн шайлоо өткөн. Алардын дагы парламентте кандайдыр бир кызыкчылыгы жакталышы керек. Бирок мунун бардыгын коллегиалдуу орган ачык-айкын бүт фактыларды таразалап чечимге келиш керек. Андан кийин сот органдары бар, ошолордун баарын күтө туралы.

7-апрелде жакындарынан ажырагандардын "Ата Журт" партиясына каршы митинги. 15-октябрь, 2010-жыл
Уран Ботобеков: Мен бул боюнча кошумчалай айта турган болсом, өзүңүздөр жакшы билесиздер, былтыр өлкө боюнча элдин санын санап чыкканбыз. Ошондо 5 млн. 300 миң, орточо эсеп менен айтып атам, плюс-минус болуп калышы мүмкүн, ошондой сан берилген. Анын ичинде шайлоочулардын саны берилген. Ошол шайлоочулардын саны, мен билгенден, 2 млн. 800 канча миң болуп эсептелген. Ар бир жерде мурдагыдай каттоо боюнча эсептегенде ошондой сан келип чыгып атат. Бардык жоопкерчилик БШКда деп эсептейм. Жогоруда айтып кеткендей, шайлоонун жүрүшүндө оюндун эрежелерин өзгөртпөш керек, биринчиден.

Экинчиден, эгерде ушундай ыкма менен кете берсек, кийинки президенттик шайлоодо элибиздин саны 5 млн. 300 миң эмес, 6 миллион болуп кетиши мүмкүн. Ушул жагын эстеп, эл аралык коомчулук, башкалар, коңшулар карап турат, ошолордун алдында өзүбүздүн элибиздин так санын, оюндун шартын өзгөртпөй тургандай кылып иш жүргүзсөк.

БШКнын ичинде кандай кызыкчылыктар бар?

"Азаттык": Таза шайлоо үчүн күрөшүп жаткан азыркы убактылуу бийликте, анын ичинде БШКда тизмени көтөрүүгө кандай кызыкчылык болду деп ойлойсуз?

Уран Ботобеков: Мен БШКда иштебегенден кийин кандай кызыкчылык экенин, кандай механизмдер болгонун да билбейм. Бирок өзүмчө түкшүмөлдөп турам, бир жерде убактылуу жашагандар мурда туруктуу жашаган жеринен чыгып келип, ошол жерден добуш берем деп келгендер бар. Ошолор балким туруктуу жерден чыкканда ал жерде аты-жөнү калып калышы мүмкүн. Балким ошону кошо эсептеп аткандыр.

"Азаттык":
Бул жөн эле катачылык болушу мүмкүн деп ойлойсузбу?

Уран Ботобеков: Мен ойлойм, бул техникалык эле катачылык. Себеби биз былтыр 2009-жылы эле өлкө боюнча элдердин санын тактоо өткөргөнбүз.

Жыргалбек Касаболотов: Мен ойлоп атам, кайсы санга негиздейбиз деген нерсени, менимче, БШК тээ башында эле чечип алганда жакшы болмок. Бирөө статистика комитетинин маалыматтарын келтирип атат, бирөө шайлоодо катталган шайлоочулардын бир эсебин айтып атат, башкалар башка эсебин айтып атат. Бул жерде дагы бир чоң проблема келип чыгып атат. Мисалы, референдумда жашаган жерине карата эмес, каалаган жеринен добуш бергенге уруксат берилген. Азыр жашаган жеринен делди. Чындап келсе, Кыргызстанда ички миграция аябай күчтүү, шайлоочулардын добуштары да эсепке алынбай, шайлоочулардын эсеби да эсепке алынбай калышы мүмкүн. Ошону дагы бир жолу тактоо жагынан президенттик шайлоого чейин баары биргелешип иштеш керек. Бир чечимге келгенден кийин аны өзгөртпөш керек, башында ушундай чечкенбиз деп, катыша турган күчтөр дагы ошондой кылыш керек. Бирок мындай жагы бар да, кандайдыр бир милдеттенмелерди өзүнө алып алып, кайра эртеси буза бергендер деле чыгып атпайбы.

Чыр-чатакты басуунун кандай аргасы бар?

"Азаттык": Кандай болгон учурда да азыр нааразы тараптар көчөгө чыгышты. Кайра үйүнө киргизиш үчүн, кырдаалды турукташтырыш үчүн эмне кылуу керек? Мисалы, мен сиздерге айтып коеюн, башка эксперттер айтып атышат: бир жолу - БШК «Бүтүн Кыргызстанды» талабы боюнча катташ керек, экинчи - БШК кайрадан шайлоо өткөрүш керек деп. Сиздердин катышууңуздагы бул тегерек үстөлгө даярданып атып, ушундай пикирлерди да окуп калдым. Сиздерде кандай көз караш бар?

Жыргалбек Касаболотов: Менимче, кайра шайлоо өткөргөнгө болбойт. Азыркы турган турпатында эле ушундай чыр-чатактар келип чыгып атат. Эгерде дагы кайра шайлоо боло турган болсо, бул ого бетер элдин бүйүрүн кызытат. Кайра шайлоо болуш үчүн биз жок дегенде келген партиялардын парламентте кандай иштегенине баа бергидей болушубуз керек, шайлоочу катары деле. Булар парламентке келелек болгондон кийин кайра шайлоо болгонго негиз жок.

Добуштарды кайра эсептөө боюнча маселе коюлушу мүмкүн. Бирок анда баары тең ошол эрежеге баш ийиш керек, баары тең бир кепке келиши керек. Санайлыбы, санабайлыбы, санабай турган болсок санабайбыз деп коомчулуктагы бардык күчтөр, анын ичинде бийлик менен отуруп чечиш керек. Мисалы, санаганда дагы ар кандай жыйынтык чыгып калышы мүмкүн да. Акылбек Сариев өзү деле айтпадыбы, жетпей аткан нерсе балким силердин пайдаңарга да чечилип калышы мүмкүн, же чечилбей калышы да мүмкүн деп ашыкча добуштар боюнча.
БШКнын төрагасы Акылбек Сариев

"Азаттык": Ошол кырдаалды турукташтырабы?

Жыргалбек Касаболотов: Мен саясий жагын айтып атам. Кырдаалды азыр турукташтырыш үчүн кыймылдар өздөрү лидерлерин шайлап, делегация кылып, калган сүйлөшүүлөрдүн баарын ошолор жүргүзүш керек. Башкача айтканда, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү ошол лидерлерге ишенип бериш керек. Калган акциялардын баарын кое туруп алар бирге чогулуп коммуникативдик жактан бири-бири менен пикир алышып, болгон дооматтарын угуп, силерде кандай талаптар бар, кандай шарттар аткарылганда кандай талаптарыңарды алып салганга даярсыңар деп Ошол жыйынтык менен кайра өздөрүнүн топторуна барыш керек.

Уран Ботобеков: Биринчиден, саясий баа биздин маданиятыбызды көтөрүү боюнча бул жоопкерчилик саясий элитада жатат. Бүгүнкү көчө чыгып аткан «Бүтүн Кыргызстандын», «Мекен шейиттеринин» жана башка түндүктө, түштүктө чыгып аткандардын аркасында албетте элитадагы саясий күчтөр турат. Алар өзүнөн өзү эле чыгып калган жок. Аларды уюштуруп, көчөгө алып чыгып, башка уюштуруу маселелерин карагандан соң ушундай чыгып атат. Биздин мамлекет Кыргызстан бүгүн жардын кырында турат. Ошолор чогулуп отуруп кеңешип, мыйзамдын чегинде бир бүтүмгө келиши керек. Ошонд гана улуттук биримдик болот. Эгерде бүгүн шайлоонун жыйынтыгын автоматтык түрдө жокко чыгарып койсок, бизде аймактык, регионалдык ушундай тенденция кете берет. Ошондуктан саясий элитада тургандар, саясий партиянын башында тургандар, дагы бир жолу айтайын, сүйлөшүү жолу менен мыйзамдын негизинде болуш керек. Сотко кайрылып «Бүтүн Кыргызстан» соттун чечими менен жыйынтыкка келсе болот. Каршы болуп аткан тарап да сотко кайрылуу жолу менен келсе болот.

Электоратты ээлендирген ыкмалар - аракетте

"Азаттык": Уран, регионалдык проблема дегенди айтып калбадыңызбы, азыр ушундай бир пикирлер пайда болуп атат: кээ бир саясий күчтөр өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн электораттын сезимдерин козгоочу ыкмаларды пайдаланып, анын ичинде түндүк, түштүк проблемасын көтөрүп атышат, кандайдыр бир платформа катары пайдаланып атышат деген пикирлер коомчулукта жок эмес. Сиз кандай ойдосуз, саясий күчтөрдө ошондой ыкмалар пайдаланылып атабы?

Уран Ботобеков: Албетте пайдаланылып атат, биз баарыбыз көрүп билип турабыз, ким регионалдык челекти көтөрүп чыгып атканын. Эң өкүнүчтүүсү 2005-07-жылдары өзү баштап жүргөн митингдерде талаштын себеби башкада болчу. Кандай биз саясий платформаны, кандай саясий башкаруу системасын тандап алабыз деп элдер чыгып жүргөн болчу. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү талаш регионалдык курч мүнөзгө айланып баратат.

«Азаттык»: Эдил, сиз, ушул шайлоо жараянынын байкоочусу эмессиз, түздөн-түз катышуучусусуз. Бүгүнкү кырдаалдан чыгуунун кандай жолун көрүп атасыз?

Эдил Байсалов: Көпчүлүгүнөн Уран мырза айткан пикирге кошулам. Бул негизинен саясий проблема болуп турат. Саясий жетекчилик, мамлекет башчысы бар, ошонун жоопкерчилиги бар. Жеңген 5-6, керек болсо 7-8 саясий жетекчилер бар, партиянын жетекчилери. Ошонун көбүнчөсү шайлоонун эртеси күнү шайлоону абдан мактап, эл айтты, чечти, эми бардыгыбыз ынтымакта бололу деп жакшы сөздөрдү айткан. Тилекке каршы, акыркы 2-3 күндүн ичинде жакшы сезим, ынтымактуу демилгелер кетип, ошонун ордуна чыр-чатак, митинг, регионалдык бөлүнүп-жарылуу келип атат. Азыр да кеч эмес, саясий партиялардын жетекчилери бардыгы шайлоонун жыйынтыктары негизинен «Бүтүн Кыргызстандын» эле маселеси калды, бардыгы чечилди.
Эгерде ушундай ыкма менен кете берсек, кийинки президенттик шайлоодо элибиздин саны 5 млн. 300 миң эмес, 6 миллион болуп кетиши мүмкүн.


«Мекен шейиттеринин» жанына барып айттым, силердин айтып аткан сөзүңөр демокартияга каршы келет деп. Биз көрүп атпайбызбы, бүгүн кээ бир партиялардын жетекчилери аларга аралашып, колдоп, кайра региондордо митинг өткөрүп жүрүшөт. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Бул шайлоо болду, өттү. Эмки шайлоо беш жылдан кийин өтүшү керек. Мына демократия, мына мамлекеттин тагдыры азыр парламентте чечилиши керек. Менин оюмча, бүгүндөн калбай, эртең жаңы Жогорку Кеңештин биринчи жыйынынын датасы дайындалышы керек дагы, Жогорку Кеңеш жыйналып, өкмөт түзүп, бир нукка түшүшүбүз керек.

«Азаттык»: Ушул Эдил сиз айтып аткандай «Бүтүн Кыргызстанды» каттап, алты партия парламентке келди дейли. Парламенттин андан аркы аракеттеринен сиздер эмнени күтөсүздөр? Турукташтырууга карай алгачкы кадамдар кандай болушу мүмкүн?

Эдил Байсалов: Мына мыйзамыбыз бар. Кудайга шүгүр Конституцияны кабыл алдык, аны кимибиз сынга алдык, кимибиз өзгөртөбүз деп атабыз. Бирок азыркы күндө бардыгыбыз баш ийип, аны таанып турабыз. Бирок мыйзамдан тышкары бизге маданият жетишпей атат. Өзгөчө биздин кээ бир коңшу мамлекеттер айтып атпайбы, силер кыргыздар али парламенттик демократияга деңгээлиңер жетелек, силердин маданиятыңар дагы өсүшү керек, акылыңар дагы жетпей атат деп. Биз так ошону далилдеп турабыз азыр. Шайлоону өткөрүп коюп, өзүбүз кайра шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай атабыз. Эми парламентте кудай буюрса кандай болгон күндө дагы, биздин бүт саясий жетекчилерибиздин баардыгы, менин оюмча, мекенчил, баардыгы стабилдүүлүктү, тынчтыкты каалап турат, ошолорго ишенишибиз керек дагы, парламентке баардыгын отургузуп, парламенттин ичинде баардыгы мушташса дагы, биз көчөдө мушташпайлы. Бардыгыбыздын ниетибиз ошондо.

Сырткы күчтөрдүн таасири

"Азаттык": Азыр Кыргызстандын саясатында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына козутуучу саясат сырттан күчтүү болуп атат деп атат. Сиздер мындай пикирлерге кошуласыздарбы?

Жыргалбек Касаболотов: Биз реалдуу жашоодо жашайбыз. Сыртта турган мамлекеттердин өзүнүн кызыкчылыктары болот, алардын ошол кызыкчылыктарды ишке ашырууда ар кандай ыкмалары да болот. Кандай ыкмалар менен ошол кызыкчылыктарды ишке ашырып атканын колунан кармап албагандан кийин, көзүң көрүп турбагандан кийин кесе айтыш кыйын. Бирок бул жерде башка бир маселе келип чыгат. Биздин элдин, биздин саясатчылардын, эгемен өлкөнүн жарандары, эгемен өлкөнүн саясатчылары катары аң-сезими канчалык деңгээлде жетилген деген. Биздин бир топ саясий партиялардын лидерлери адегенде өзүнүн элинин көңүлүн, добушун алуудан мурда сыртка чуркап барып, ошол жактан жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүн пиардын элементи катары колдонгон учурлар көп кездешип атпайбы. Анткенге алардын укугу бар. Бирок бул алардын деңгээлинин маселеси.

Орусиянын лидери Дмитрий Медведев жана өкмөт башчы Владимир Путин
Уран Ботобеков:
Сырткы күчтөрдүн таасири айдан ачык көрүнүп турду шайлоо процессинин убагында. Негизгиси бүгүнкү көчөдө жүрүп аткан процесстерди, көчөдө жүрүп аткан тирешүүнү биз парламенттин ичине алып киришибиз керек. Кандай форма бизге жарашат ошол жерден өздөрү талкууласын.

Жыргалбек Касаболотов: Мен дагы бир нерсени кошумчалап коеюн. Биздин Кыргызстандын жарандары өзүнүн тагдырын өзү чече турган маал келип жетти, мурда эле келип жеткен. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" деп коет кыргызда. Мисалы, Кыргызстанда азыркы система ийгиликтүү иштеп, ошол аркылуу өнүгүп кете турган болсо, биз менен алака түзгөн мамлекеттердин өздөрүнө кандайдыр бир деңгээлде зыян алып келе турган жагдайлар бар. Ошондон улам ар кандай технологиялар колдонулуп атат. Бирок кандай болгон күндө дагы биз бул жолду да басып өтүшүбүз керек. Себеби азыр жаңы кабыл алынган Конституциянын кемчиликтери, чыр-чатакка алып келе турган жактары да бар болушу мүмкүн. Бирок аны дагы башыбыздан өткөрүп, өз тагдырыбызды өзүбүз чечип, каталарыбыз дагы, жетишкен ийгиликтерибиз дагы өзүбүздүкү болуш керек.

БШКдан кандай чечим чыгат?

"Азаттык": Жакынкы арада, кайсы саясий күчтөр кандай чечимди каалабасын, БШК өзүнүн чечимин чыгарышы керек, мыйзамдын талабы ошондой экен. Сиздер БШКдан кандай чечим күтүп атасыздар?

Эдил Байсалов: Биринчиден, БШК кандай чечим кабыл албасын, менин оюмча, кээ бир партияларга жакпай калышы мүмкүн. БШКнын чечиминен кийин бир канча сот жыйындары болушу мүмкүн. Алар кеминде эки жумага чейин уланып кетиши мүмкүн. Бирок ошого чейин Жогорку Кеңеш биринчи жыйынга чогулабы, чогулбайбы. Бирок чогулушу керек эле, кандай болгон күндө дагы баарыбыз ынтымакка чакырып турушубуз керек. Он күн өттү, саясий партиялардын жетекчилери Москвага барбастан өзүбүздүн эле сыналгы, үналгы аркылуу, Ошко, Бишкекти каттап, кыдырып сүйлөп, мамлекет башчысынын тегерегинде чогулуп, негизги чечимдерди кабыл алып, Бишкекте эле чечишсе болмок. Жанагы эле коалиция, ким кимге жакпайт, бардыгыбызга белгилүү. Бул Москвада чечилчү маселелер эмес.

"Азаттык": Азыр ушундай кадамдарды жасоо кеч болуп калды дейсизби?
Кайра шайлоо болуш үчүн биз жок дегенде келген партиялардын парламентте кандай иштегенине баа бергидей болушубуз керек.


Эдил Байсалов: Кээ бир жактан демилге башка жакта болуп атат, көчөгө чыгып кетип атат. Бирок али кеч эмес. Азыр деле биздин мамлекетте бардыгы өзүбүздүн эле көз алдында өтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Бирок ал үчүн бир жетекчилик керек, ал үчүн ынтымак, демилге керек.

Уран Ботобеков: Мен айтарым, бизде легитимдүү бийлик деп президентибиз Роза Исаковнаны айтып атабыз, менимче, демилге президентибиздин колунда болушу керек эле. Тилекке каршы, демилгени президентибиз колуна алалбай жатат. Элди бириктирүү, шайлоонун жыйынтыгын так аныктоо боюнча, ушул жагынан президентибиз батыл, эл ишене турган кадамдарга барышын каалайм.

"Азаттык": Президент Отунбаева Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышы керекпи, кандайдыр бир чечим кабыл алгыла деп?

Уран Ботобеков: Бир ынанымдуу түшүндүрүү жолдору менен телеге чыкса. Шайлоо абдан жакшы өттү деген комментарийлерин уктук, окудук ал кишинин. Ал эми шайлоо боюнча, ынтымак боюнча, регионалдык бөлүнүп жарылууларды токтотуу боюнча практикалык иштер такыр жүрбөй жатат. Ушул жөнүндө айтып атам мен.

Жыргалбек Касаболотов: Эгерде процедуралык жактан ала турган болсок, кандай чечим болгон күндө дагы чечимди БШК чыгарыш керек. Ага макул эместер чыга турган болсо андан аркысын сот чечиш керек. Президент ушул үч бийлик бутагынын ортосундагы арбитр гана боло алат. Өзгөчө шайлоо өткөндөн кийин анын ыйгарым укуктары аябай азаят. Бул жерде журт атасы, журт энеси катары ынтымакка чакырган сөздөрдү айтып, кандайдыр бир сунуштарын айтышы мүмкүн. Бирок ал БШКнын да, соттун да ишине эч кандай кийлигише албайт. Кийлигишкен күнү ал өзүнүн айтып чыккан принциптерине каршы чыккан болот.

"Азаттык": Сиз БШКдан кандай чечим күтүп атасыз?

Жыргалбек Касаболотов: БШКнын кандай чечим чыгарарын айтыш кыйын. Анткени ал жерде ар кандай кызыкчылыктагы адамдар отурат. Дегеле бул коллегиалдуу чечимдин чыгышы кыйын мындай учурда. Бирок мен БШКга каалап кетерим, арасынан кандай гана чечим кабыл алынбасын, калган мүчөлөрү ошол чечимге кошулдубу, кошулган жокпу, жөн эле азчылык болуп калдыбы, келип чыккан чечимди бардыгына бирдей түшүндүрүп, сөзү бирдей чыккыдай болуш керек.

"Азаттык": Сиздерге чоң рахмат. Бар болуңуздар.

XS
SM
MD
LG