Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Обама Ислам дүйнөсүнө Индонезиядан кайрылды


Президент Барак Обама аялы Мишель Обама менен "Истикал" мечитинде. Жакарта. 10-ноябрь 2010
Президент Барак Обама аялы Мишель Обама менен "Истикал" мечитинде. Жакарта. 10-ноябрь 2010

Президент Барак Обама ислам жана тарса (христиан) дүйнөсүн өз ара ишенбөөчүлүктү жана шектенүүлөрдү коюп, терроризмге каршы чогуу күрөшкө чакырды.

Обама Жакартадагы Индонезия университетиндеги сөзүндө АКШ эч качан Исламга каршы согушпаганын жана “ал-Каида” сыяктуу бүлдүргүч уюмдар ислам, же башка диндерге жол көрсөтүүчү боло албасын баса белгиледи.

Америка Ислам менен согушпайт жана эч качан андай кадамга барбайт.Барак Обама



Президент Обаманын Жакарата университетенде сүйлөгөн сөзү АКШ менен мусулман дүйнөсүнүн мамилесин
АКШ президенти Барак Обама жана Индонезия президенти Сусило Бамбанг Юдхойоно Истана Мердека Ак Сарайындагы сый тамакта тос көтөрүшүүдө. Артта Индонезиянын картасы. 9-ноябрь 2010
жакшыртууга багытталган уңгулуу кеп ирети бааланууда.

Ал Индонезиянын калкы жүздөгөн тилдерде сүйлөп, ар кайсы диндерди тутунганын, өлкө түркүн элдер ортосундагы эриш-аркак жашоонун мыкты үлгүсү экенин жеке мисалында айтып берди:

- Менин өгөй атам көпчүлүк индонезиялыктар сыяктуу мусулман бүлөдө чоңойгон. Ал бардык диндер урматталышы керек деп терең ишенген. Ал Индонезиянын конституциясында чегип жазылган диний толеранттуулуктун рухун ушундай түшүнгөн.

Барак Обама 1960-жылдары Жакартада төрт жыл жашаган.

Ал былтыр июнда Египеттеги сапары учурунда Ислам жана Батыш коомчулугу арасындагы алакалар боюнча кенен кайрылуу жасаган.

АКШ президенти өткөн 17 айда айрым оң жылыштар болгонун, бирок террорчулук бардык өлкөлөрдүн чогуу күрөшүнү талап кыларына токтолду:

- Америкада, Индонезияда жана дүйнөнүн чар тарабында бүлгүнчү экстремисттер мурдакыдай эле бейкүнөө элге кол салууда. Мен ачык айткам: Америка Ислам менен согушпайт жана эч качан андай кадамга барбайт. Тескерисинче, биз баарыбыз “ал-Каида” менен анын ынактарын талкалашыбыз керек. Алар кайсы бир динге, айрыкча, Ислам сыяктуу үлкөн дүйнөлүк динге жол көрсөтүүчү боло албайт. Бул Америка жалгыз аркалачу иш эмес.

Президент Обама АКШ башындагы көп улуттуу күчтөрдүн Ооганстандагы максаты экстремисттерди жок кылуу экенин белгилей кетти:

- Биз Ооганстанда коалицияга кирген өлкөлөр менен бирдикте Ооган өкмөтү болочокто өз коопсуздугун өзү камсыздагандай болуусуна көмөктөшүп жатабыз. Согушта бүлүнгөн жерде тынчтыкты орнотуу, экстремисттердин жабыт жайларын жок кылуу биздин жалпы максатыбыз. Бул Ооган элинин тилеги.

Барак Обама Индонезия улуттук университетиндеги сөзүндө Жакартадагы “Истиклал” же “Эркиндик” мечити ал бала кезде курулуп жатканын эстеди. Миңдеген мусулмандар ибадат кылган бу мечиттин архитектору христиан болгонунун өзү, Обаманын сөзүнчө, Индонезиянын маданий, руханий жана дүйнө таанымынын кайталангыс касиети.

АКШ президентинин Индонезиядагы сапары 10-ноябрда карыды.

Бейшембиде (11-ноябрда) президент Обама Азиядагы иш сапарын Түштүк Кореяда улантты.

XS
SM
MD
LG