Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын арызы Жогорку Сотто каралат


Аталган ишкананын азыркы жетекчилиги “Юнитрейд компани” жоопкерчилиги чектелген ишканасы менен түзгөн келишимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен бир жыл мурун сотко кайрылган. Ишкана башкармалыгынын төрагасы Каныбек Масировдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул келишимден “Кыргызнефтегаз” зыяндан башка пайда таппайт. Келишим боюнча ишти алгач Бишкектеги райондор аралык сот карап, “Юнитрейд компани” ишканасынын пайдасына чечкен болчу. Буга нааразы болгон мамлекеттик ишкана Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот 8-октябрда райондор аралык соттун чечимин жокко чыгарып, эки ишкананын ортосунда түзүлгөн келишимди мыйзамсыз деп тапкан. Келишимдин тагдыры эми 19-ноябрда Жогорку Сотто чечилгени жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG