Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Коалиция түзүү маселеси келе жаткан аптада чечилиши мүмкүн


Бул туурасында “Азаттыкка” Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында өткөн жумада Социал-демократтар партиясы “Республика” жана “Ата Мекен” партиясы менен сүйлөшүүлөргө жетишкен жана маселе бул аптада чечилип калат деген үмүт бар. “Ата-Журт” партиясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев аларга коалиция түзүүнү колго алган Социал-демократтар партиясынан азырынча расмий сунуштар түшпөгөндүгүн, бирок бейформал сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирди.

Коалиция түзүүгө Конституция боюнча он беш гана жумушчу күн берилет. Бул убакыт аралыгында өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтүлүп, ал өкмөттүн структурасы, программасын Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгышы керек. Эгерде Социал-демократиялык партиясы коалиция түзө албай калса, анда коалиция түзүү вазийпасы “Ата Мекен” партиясына жүктөлөрү айтылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG