Грециянын полициясы ар жерден көп санда курал-жарак, жардыргычтарды колго түшүргөндөн кийин алты кишини, анын ичинде анархист деп шектелген эки кишини камакка алды. Полиция башчысы Лефтерис Ойкономоу билдиргендей, 21ден 30 жашка чейинки курактагы шектүү кылмышкерлер ишемби күнү Грециянын батышындагы Агринио шаарында жана Крета аралындагы рейддин мезгилинде колго түшүрүлдү. Алардын экөө өткөн айдагы европалык лидерлерге жана элчиликтерге каршы почта аркылуу бомба жиберүү өнөктүгүнө байланыштуу мурда эле кара тизмеде болгон. Кармалгандардын бири аял экендиги кабарланууда.