Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:14

АКШ базасына күйүүчү май ташуудагы коррупция токтодубу?


АКШнын Бишкектеги "Манас" транзиттик борбору
АКШнын Бишкектеги "Манас" транзиттик борбору

Кийинки жылдын 1-февралынан тарта “Манас” күйүүчү май куюучу мамлекеттик ишканасы АКШ базасына күйүүчү май ташый баштайт.

АКШ тарап күйүүчү май ташуу укугунун 50 пайызын Кыргызстанга берүүгө макул болду.

Кайра эле “Mina Corporation”

“Манас” күйүүчү май куюучу мамлекеттик ишканасы 30-июнда түзүлгөн. Улутташтырылган “Manas Airfuels” компаниясынын ордуна түзүлгөн бул ишкана кийинки жылдын 1-февралынан тарта АКШнын Кыргызстандагы Транзиттик жүк ташуучу борборуна күйүүчү май ташый баштайт. Бирок АКШ тарап жалпы керектелчү күйүүчү майлардын 50 пайыздан ашпаган бөлүгүн гана Кыргызстанга берүүгө макул болду. Калган бөлүгүн АКШ өзү келишим түзгөн ишкана камсыздай бермекчи. Ал компания – офшордук аймак болгон Гибралтарда катталган “Mina Corporation”. Бул компания учурда Транзиттик жүк ташуучу борборду толугу менен күйүүчү май менен камсыздайт.
АКШнын Бишкектеги "Манас" транзиттик борбору

АКШ базасындагы күйүүчү майларга байланыштуу чыр дал ушул “Mina” компаниясына байланыштуу чыккан. “Mina Corporation” 2002-жылдан бери Red Star Enterprices компаниясы менен биргеликте АКШ базасын күйүүчү майлар менен камсыздап келген. Ушу кезге чейин бул компаниялар базага 4 миллиард долларга чукул акчага күйүүчү май тартып келишкен. 7-апрелден кийин жаңы бийлик бул компанияны “атайын түзүлгөн коррупциялык схемалар аркылуу учурунда мурдагы президент А.Акаевди, кийин ошол эле схема боюнча К.Бакиевди байытып турган” деп айыптап чыккан. Бирок 5-майда козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура ушу кезге чейин аягына чыгара элек жана кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартууда.

"Манас" ишканасы маарытабы?

Жаңы түзүлгөн “Манас” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Марат Малатаевдин айтымында, ушул жылдын апрелине чейин Орусиядан келген күйүүчү майлардын жарымынан көбү дароо эле реэкспорт болуп, башка өлкөлөргө, атап айтканда Ооганстан, Тажикстанга сатылып турган. Ал күйүүчү майлардын бардыгы келишим боюнча Кыргызстандын ичинде гана колдонулары белгиленип, кошумча салыктан бошотулган болчу. Бирок күйүүчү майлардын жарымы реэкспорттолору билинип калган соң, апрелден тарта Орусия кошумча салыктарды киргизген. Натыйжада Кыргызстанда күйүүчү майлардын жана учак билеттеринин баасы 50 пайызга чейин кымбаттаган.
АКШнын Бишкектеги "Манас" транзиттик борбору

Ырасмий Бишкектин ырасташынча, “Mina Corporation” баштаган компаниялардын күйүүчү май бизнесинин таза эместигинен улам өлкө бюджетине жылына 50 миллион долларга чейин акча түшпөй калып турган. “Манас” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси М.Малатаевдин айтымында, эми Транзиттик жүк ташуу борбору керектечү күйүүчү майдын 50 пайызын камсыздоо укугуна ээ болгон соң, Кыргызстан жылына 40-60 миллион долларга чейин киреше табат:

- Эмки жылы буюрса Транзиттик жүк ташуу борборунун 50 пайызын бизге берсе, ошондо биз бюджетке 40 миллиондон 60 миллион долларга чейин киреше алып келебиз. Бул 2011-жылда болот. Азыр бизге 50 пайыз берилип атканы эле биз үчүн чоң жумуш болуп атат. Эгер биз эмки жылы өзүбүздү көрсөтсөк, ошол 50 пайызды дагы көтөрөбүз деген сөз бар.

Андан тышкары “Манас” мамлекеттик ишканасы Транзиттик борборго жана ички керектөөгө пайдаланылчу күйүүчү майларды бир гана Орусия эмес, Азербайжан, Түркмөнстан, Беларус жана Балтика боюндагы мамлекеттерден да ташууну пландоодо. Бул - стартегиялык товар жагынан бир эле өлкөгө көз каранды болуп калуудан куткармакчы. Мындай ишти аткарууга акчасы жок мамлекеттик ишканага АКШда катталган “World Fuel Services” аттуу эл аралык компания көмөктөшөт. Аталган компаниянын коммерциялык директору Алексей Финчуктун маалымдашынча, аталган компания ишти уюштурууга 100 миллион доллар бөлдү.

Бүдөмүк маселе дале арбын

Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиевдин айтымында, сегиз жыл аралыгында Транзиттик жүк ташуучу борборго күйүүчү май ташыгандар 42 миллион сомдун тегерегинде гана салык төлөшкөн. Мамлекеттик ишкана иштей баштаган соң ал да эселеп көбөйөрү айтылууда. Ал эми анын ишмердүүлүгүн ишкананын директорлор кеңеши, байкоочу кеңеши көзөмөлдөмөкчү:

- Албетте бул мамлекеттик ишкана салык инспекциясынын, эсеп палатасынын, каржы полициясынын көзөмөлүндө болот. Биз бул жерде көзөмөлдөөдө колдонулчу бардык стандарттык иш-чараларды колдонуп атабыз. Менин оюмча, бул абдан эле таза иш болот.
АКШнын Бишкектеги "Манас" транзиттик борбору

Деген менен азырынча бүдөмүк бойдон калып аткан маселелер да кыйла. Атай кетсек, Башкы прокуратурада “Mina Corporation” баштаган ишканалардын мурдагы режим менен коррупциялык байланышын ашкерелеген фактылар бар экени айтылганы менен анын эмне болгон фактылар экенин эч ким билбейт. Башкы прокуратура бир дагы фактыны чыгарбай, алты айдан бери тергөөсүн бүтпөй келет. АКШ бийлиги “Mina” компаниясынын ишинде мыйзам бузуу таппаганын, кыргыз тарап кандайдыр бир фактыларды берсе кайрадан териштирүүсүн баштаарын айтып, маселени Кыргызстандын Башкы прокуратурасына оодарып койду.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги “Mina” компаниясы менен кылмыш иши аягына чыккыча иштебей турууну өтүнүп Вашингтонго нота жолдогон эле. Бирок кыргыз тарап кылмыш иши бүтпөсө деле АКШ базасы керектечү күйүүчү майдын 50 пайызга чейинкисин ташуу тууралуу сүйлөшүүлөргө жетишти жана аны “Mina” менен катарлаш аткара бермекчи болууда. Ушундан улам “Акаев, Бакиев доорунан бери келаткан коррупциялык схемалар кандайдыр бир өлчөмдө азыр да калып аткан жокпу?”, “Улутташтырылган “Manas Airfuels” компаниясынын ордуна түзүлө калган “Манас” мамлекеттик ишканасы ошол эле схеманын үстүндө отуруп калбадыбы?”,- деген сыяктуу суроолор ачык бойдон турат.

“Азаттык” үналгысы Транзиттик жүк ташуу борборун күйүүчү май менен камсыздоого байланышкан миллиондор айланган бизнестин чоо-жайына кийинчерээк кененирээк кайрылат.

XS
SM
MD
LG