11-декабрда Кызыл-Кыя шаарындагы бир үйдөн электр зымынын жараксыздыгынан улам өрт чыккан. Натыйжада үйдүн ичи толук өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен үйдөгү 4 кичинекей бала аман алып калынды. Тилсиз жоону өчүрүүгө бир сааттан ашык убакыт кеткен.
Бул тууралуу өрт өчүрүү кызматынан маалымдашты. Суук түшүшү менен өрт чыгуу коркунучу күчөдү деп билдирет 101 кызматы.(ZKo)
Бул тууралуу өрт өчүрүү кызматынан маалымдашты. Суук түшүшү менен өрт чыгуу коркунучу күчөдү деп билдирет 101 кызматы.(ZKo)