Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 18:00

Швецияда жанкечти машинени жардырардан мурун кат тараткан


Швециянын полициясы жанкечти машинени жардыруудан мурун «Жихад» деген аталыш менен интернет аркылуу каттарды тараткандыгын ачыктады. Швециянын коопсуздук кызматынын маалымат катчысынын айтуусунда, жанкечтинин катында Швециянын Ооганстандагы согушка катышып жаткандыгы айыпталган. Бейрасмий маалыматта өткөн ишембиде Стокгольмдун борборунда машинени жардырган жанкечти теги ирандык, кийин Лондондун түндүгүндөгү Лутон деген шаарда жашап окуган адам экендигин айтылууда. Швед бийлиги бул жардырууну «террордук аракет» катары баалап жатат.

XS
SM
MD
LG