Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Апрель окуясы боюнча үч кишинин иши өзүнчө каралат


Булар 7-апрель күнү Өкмөт үйүн кайтарууга алып турган жеринен каза тапкан эки курсант жана бир милиция кызматкери. Аскер жана күч кызматкерлерин коргоо комитетинин башчысы Алымбек Ниязовдун бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча Ички иштер академиясынын 4-курсунун студенттери Никита Кущ менене Эдил Такырбашев ал күнү жаалданган топтун таягынан набыт болушкан, ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери Алтынбек Шымырбаев окко учкан. Курман болгон курсант Никита Кущтун апасы Лидия Кущ 7-апрель күнү Өкмөт үйүн кайтарып турган милиционерлерге күйүүчү май жана жардыргыч заттар куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан, натыйжада 56 милиция кызматкери жаракат алган, анын ичинен 12 адам оор жарадар болгон деген маалыматын айтып, бул окуя боюнча күнөөлүү адамды издеген кишини көрбөгөндүгүн, запкы жеген, набыт болгон күч кызматкерлеринин иши иликтөөгө алынбаганына нааразылыгын билдирди.

Лидия Кущ 7-апрель күнү милиция кызматкерлерине кол салгандарды айыпка тартуу апрель окуясы боюнча соттук териштирүүнүн ичинде болуусу керек деп эсептейт. 7-апрель күнү жалпысы болуп 87 адам окко учкан. Буга карата мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын айланасындагы 28 киши айыпталууда, анын ичинен 22 айыпталуучу 7-апрель күнү Өкмөт үйүн кайтарууга алган күч кызматкерлери.(ZKo)

XS
SM
MD
LG