Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Ошто прокуратура милициянын ишин текшерүүгө алды


Козголгон кылмыш иштерин иликтөө жакшы жүрбөй жатканына байланыштуу жабырлануучулар тарабынан күч органдарынын ишине нааразылыктар арбын болууда деп билдирди Ош шаарынын прокурору Латыпжан Жумабаев 14-декабрда өткөн координациялык жыйында. Ал карапайым адамдар тарабынан милиция кызматкерлеринин дарегине дооматтар айтылып жатканын кошумчалады. Шаар прокурорунун айтымында, бул боюнча шаардык көзөмөл органы прокуратура кызматкерлеринен турган атайын топ түздү. Бул топ тергөө кызматкерлеринин, оперативдүү иш алып баруучу милиционерлердин ишин текшерүүгө алат. Прокуратура кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топ ушул тапта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана шаардык каржы полициясынын ишин текшерүүдө.

Ош шаар прокуратурасы июнь окуясы боюнча 330 кылмыш ишин козгогон. Мунун ичинен 82 кылмыш ишинин бети ачылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG