Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Апрелден кийинки жетекчилерди алмаштырбоо талабы коюлууда


Таластагы кабарчыбыздын маалымдашынча, аталган облустан атайын топ өлкө президентине жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоо үчүн Бишкекке жөнөп кетишти. Кайрылууда апрель ыңкылабынан кийин келген жетекчилерди алмаштырбоо, жаңы өкмөттүн курамынан мурунку бийликтин тушунда иштеген адамдарды чыгаруу талаптары коюулууда. Талас шаарында 18-декабрда ушундай эле талаптар менен элүү чакты адам облустук администрациянын алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Мындай мазмундагы кайрылууну ишемби күнү Ысык-Көл облусунун 5 району жана 2 шаарынын тургундары президентке жана парламентке жолдошту. (EBM)

XS
SM
MD
LG