Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Улуттук-маалымат стратегиясын иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлдү


Мындай демилге менен чыккан Кыргызстандагы медиа өкүлдөр бул багытта атайын иш кагаздары кабыл алынышы керектигин бүгүн Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө белгилешти. Медиа эксперт Илим Карыпбековдун айтымында, буга чейин Кыргызстандын тарыхында маалымат саясаты болгон эмес жана аны бийликтеги эки-үч адам гана аныктап келген.

Мамлекеттин деңгээлинде ушундай иш кагаз кабыл алып, ошол нукта жүрүш керектигин сунуштап жатабыз. Бир аткаминер келгенде анын көз карашы, билим деңгээлине жараша маалымат саясаты болуп атат. Ошонун кесепетинде жарандарга маалымат жетпей, жетсе да калп маалымат болууда. Ушундан чыгуунун жолдору сунушталууда”, - дейт И.Карыпбеков.

Тегерек үстөлгө катышкан Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул маселени колдоого аларын белгилешип, жакын арада жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрүштү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG