Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Төрт ири энергетикалык компанияга аудит жүргүзүлөт


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 21-декабрда энергетиктердин күнүнө арналган  Бишкектеги салтанатта билдирди. Кыргызстанда азыр төрт ири энергетикалык компания – “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро”, “Ошэлектро” жана “Жалал-Абадэлектро” бар. Президент мындай текшерүү эгемен өлкө тарыхында биринчи жолу жүргөнү жатканын, анткени буга чейин коммерциялык сыр шылтоо болуп келгенин белгиледи. "Отун-суу тармагындагы айкындуулукту камсыздоо боюнча демилгелер тууралуу буйрукка кол коюлду, бюджеттик каражаттардын туура колдонулушуна, тендер жүргүзүү процессине байкоо салуу үчүн Энергетика министрлигинин алдында Байкоочу кеңеш түзүлүп жатат", -  деди өлкө башчысы. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG