Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Балдар айдоочуларды жол коопсуздугуна көңүл бурууга чакырышты


24-декабрь күнү жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспекторлор Аяз ата жана Аяз кыз менен чогуу айдоочуларды куттукташты. Куттуктоого коендун беткабын кийген балдар да кошулуп, айдоочуларга белек беришти. Балдар айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоону өтүнүп, жөө жүргөн жеткинчектердин коопсуздугуна да көңүл бурууга чакырышты. "Айдоочулар балдардын өтүнүчтөрүн жылуу кабыл алышты" деп маалымдайт МАИнин басма сөз кызматы.

Мамлекеттик автоинспекциясынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы 113 бала жол кырсыгынан каза тапкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG