АКШлык пилотсуз учактын чабуулунан пакистандык уруулардын башкаруусундагы Ооганстанга чектеш аймакта төрт жаран набыт болду. Пакистандын чалгындоо кызматынын маалымдашынча, ракета Түндүк Вазирстандын Шера Тала районунда автоунаага тийген. “Ал-Каидачылар” менен талиптер түнөк кылган бу аймакты АКШнын пилотсуз учактары соңку учурда тез-тез бомбалоодо.