Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

АКШда Конгресс мүчөсүн аткан адамга расмий айып тагылды


22 жашар Жаред Лофнер алты кишинин өлүмүнө жана конгресс мүчөсүнө кол салды деп айыпталууда. Айып Аризона штатынын Феникс шаардык соту тарабынан тагылды, эми Лофнерге каршы ачылган 5 кылмыш иши боюнча анын күнөөсү далилденсе өлүм жазасына тартылат.

8-январда Жаред Лофнер Аризона штатынан АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасына мүчө Габриэл Гиффордс Тусон шаарында шайлоочулар менен жолугуп жаткан жерге келип, тапанчадан аткан. Анда 6 киши анын ичинде 9 жашар кыз жана федералдык сот өлүп, 13 киши жарадар болгон.

40 жашар Габриэл Гиффордс башынан оор жаракат алып ушул тапта ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG