Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Сүлүктүдө 6 кенчи ачкачылык жарыялады


“Сүлүктү-көмүр” ишканасынын кесиптик кошуун төрагасы Каныбек Исмаиловдун "Азаттыкка" маалымдашынча алты кенчи ачкачылык акциясын мурунку жетекчи Райымкул Назаровду кайра кызматка коюу талабы менен башташты. Алардан тышкары ушундай эле талап менен 54 кенчи жер алдындагы шахтыдан 11-январдан бери чыкпай отурушат.

Суткасына 120 тонна көмүр казып алган “Сүлүктү-көмүр” акционердик коомунун кызматкерлери ишкана жетекчилиги мыйзамсыз алмаштырылды деп нааразылыгын билдирип, 11-январдан бери иш ташташкан. Алар ишкананын 43% акциясына ээлик кылган Райымкул Назаровдун жетекчилик кызматтан алынуусуна нааразы болуп жатышат.

Ал эми экинчи тарап ишкананын жетекчиси мыйзамдуу алмаштырылганын белгилөөдө. “Сүлүктү-көмүрдүн” 43% акциясына ээлик кылган мамлекеттик мүлк фондунун башкы адиси Мирбек Жолоков мурдагы жетекчи Райымкул Назаров мамлекетке баш ийбеген аракеттери үчүн кызматынан бошотулганын билдирген эле. Кечээ бул ишканага жетекчи болуп Эргеш Мадаминов шайланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG