Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

“Кыргызгаздын” 75% акциясын Орусияга берүү маселеси кайра козголууда


Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары , “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева декабрь айынын аягында премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын өкмөт башчысы менен болгон жолугушуусунда “Кыргызгаз” ишканасынын 75% акциясын “Газпром” ишканасына өткөрүп берүү маселеси козголгонун белгиледи. Ал муну ишке ашырууга кыргыз эли макулдугун бербей турганын баса эскертти. Депутаттын сөзүнө жооп кылган “Кыргызгаз” ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда бул маселе козголгонун тастыктап, бирок пайыздык көрсөткүчтөр тууралуу так кеп-сөз болбогонун билдирди.

“Кыргызгаз” ишканасынын 75% акциясын Орусиянын “Газпром” ишканасына берүү тууралуу келишим 2007-жылы түзүлүп, 2009-жылы токтотулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG