Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин келишимдер түзүлүп калгандыктан чет мамлекеттерден, коңшу өлкөлөрдөн көмүр алууну токтотуп коюуга болбойт. Жогорку Кеңештин 13-январдагы жалпы отурумунда бир катар депутаттар Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн көмүр алууну токтотуп, бардык тармакка өлкө ичиндеги көмүр корун колдонуу, муну менен иштебей жаткан көмүр шахталарын өнүктүрүү сунуштарын көтөрүп чыгышкан. Мындай демилгенин көтөрүлүшүнө Казакстандан алынып жаткан көмүрдүн баасы жергиликтүү көмүргө салыштырмалуу кымбат болгону себеп болгон. (KKs)