Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Жума аягында Коргонуу кеңешинин алгачкы жыйыны өтөт


Бүгүн президент Роза Отунбаева укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрдүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда январь айынын башында укук коргоо органдарынын төрт кызматкеринин өлүмүнө алып келген окуялар жана терроризмге каршы борбордун ишин жакшыртуу, өлкөнүн Коргонуу кеңешинин алгачкы отурумун өткөрүүгө байланышкан маселелер талкууланды. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Роза Отунбаева иши тергелип жаткан күч түзүмдөрдүн кызматкерлеринин атайын операцияларга катышуусун кескин сынга алды жана мындай көрүнүштүн экинчи жолу кайталанбашын талап кылды. Маалыматка караганда, ушул жуманын этегинде Коргонуу кеңешинин алгачкы отуруму өтөт жана анда терроризм-экстремизге каршы күрөш, өлкөдө кылмыштуулукка байланышкан абалды жакшыртуу өндүү маселелер талкууланмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG