Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Укук коргоочулар Турсунбай Бакир уулуна бойкот жарыялашты


Укук коргоочулар кеңеши атайын билдирүү таратып, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулунан таптакыр кол үзүшкөнүн, мындан ары анын ишмердүүлүгүнө кызыгышпасын жана анын аракеттерин комментарийлешпесин билдиришти.

Билдирүүдө “Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин депутаты катары эл алдында ант берүү эрежесин бузган, куранга ант берген жалгыз депутат болду. 12-январда болсо “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнөн ал “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын укугун тебелеп, мусулмандардын душманы катары көрсөтүүгө аракет кылды” деп айтылат.

Укук коргоочулардын бойкотуна депутат Турсунбай Бакир уулу азырынча комментарий бере элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG