Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Чет элдик көзгө атарлар колго түшкөнү далилденген жок


Июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев бул тууралуу бүгүн парламентте депутат Камчыбек Ташиевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Депутат июнь окуяларына байланыштуу чет өлкөлүк 7 көзгө атар жалданма аскер кармалганы тууралуу суроону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге жолдоду. К. Дүйшөбаев четтен келген көзгө атарлар колго түшпөгөнүн, бирок тополоңго тиешеси бар башка өлкөнүн канча жараны кармалып, аларга кандай айып тагылып, канчасы депортация кылынганы тууралуу маалымат Улуттук комиссияга берилгенин маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG