Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

Чет өлкөдө окуган студенттердин саны өсүүдө


Кытайда билим алган кыргызстандык студенттер. 10-апрель, 2010-жыл
Кытайда билим алган кыргызстандык студенттер. 10-апрель, 2010-жыл

Билим берүү жана илим министрлиги чет жакта окуп жаткан жалпы кыргызстандык студенттердин так санын аныктоо жана алар менен тез байланышып турчу министрликтин алдында бюро ачууну көздөп жатат.

Министрдин орун басары Борис Кубаев чет өлкөдө окуп жүргөн студенттер, алардын абалы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Билим берүү министрлигинин алкагында канча студент чет өлкөдө билим алып жатат?


- 2011-жылдын январына алып караганда 700дөн ашуун бала окууга өтүптүр. Алардын жүздөн ашууну Түркияга, 300дөн ашууну Орусияга, андан сырткары бул жакка элчилик аркылуу 300дөй бала окууга кетиптир. Бул быйыл өткөндөрдүн гана саны. Андан тышкары Казакстанда азыраак, Украинада 12 бала, Тажикстанда 30дан ашуун, министрлик аркылуу эмес, өздөрү кеткендер, чакырылгандар, сынактан, олимпиададан уткандар деп АКШга, Германияга өткөндөр бар. Индияда, Кытайда, Жапонияда окугандар бар.

Айрым окуу жайлардын өздөрүнүн да ошол жактагы университеттер менен келишимдери бар. Жалпысынан чет мамлекеттерде үч миңден ашуун кыргызстандык билим алууда. Кыскача айтканда бул маселени көп жылдан бери эч ким карай элек. Ошондуктан бул багытта көп кемчиликтер болуп атат.

- Сиз үч миңдин тегерегинде деп айтып атасыз. Бул министрлик аркылуу кеткендерби же чет өлкөдө билим алып жаткан жалпы кыргызстандык студенттердин саны ушундайбы?

- Жок, бул министрлик аркылуу акыркы үч жылдын ичинде кеткендер. Биз бул багытта январь айынын аягында чоң жыйын өткөргөнү жатабыз. Ага Тышкы иштер, Ички иштер министрликтеринен, элчиликтерден, Улуттук коопсуздук комитетинен өкүлдөр катышат. Ошол жыйында же андан кийинби министрликтин алдында бюро ачуу маселесин колго алып, көтөрөлү деп жатабыз. Ал бюродо сыртта билим алган студенттердин санын тактап, такай байланышып турганга аракет болот.

- Сыртта билим алып жаткан студенттердин болжолдуу саны тууралуу маалымат барбы?

- Аны Кудай билет.

- Министрилк тактоого аракет кылып атабы?

- Аракет кылып атабыз, элчиликтер аркылуу, кээ бир жерде студенттик кеңешмелер бар. Ошолор аркылуу да аракет кылып, бул ишти жүргүзүш керек. Мына азыркыга чейин бул иш такыр жүргөн жок. Кадимкидей күндө иштеп турган орган болбосо болбойт.

- Министрлик, же башка булактар аркылуу кеткен студенттердин жоопкерчилиги кимге жүктөлөт? Кандай булак менен кетсе да алар Кыргызстандын жараны да?

- Чет мамлекетте жүргөн адамдарды кандай гана маселе болбосун жоопкерчилиги элчиликтерде болуш керек. Бирок алар менен ар ким өзүнүн багыты боюнча байланыш түзүш керек. Ошондой эле биз студенттер боюнча ушундай байланыш түзөлү деп жатабыз. Мисалы биз Германияда канча студент окуп жатканын кыдырбасак кайдан билебиз?

- Түркияда окуган ондогон студент кышкы каникул учурунда билеттин кымбаттыгынан Кыргызстанга келе албай жатканын айтышууда. Ушул багытта аларга кандайдыр бир жеңилдиктерди жасап, өкмөт менен бул маселени чечүү үчүн аракеттер көрүлдүбү?

- Азыр жеке менчик ишканалар бизге баш ийбейт. Мамлекеттин ичиндеги каттамдарга ушундай жеңилдетилген чечимдерди чыгарса болот. Бирок сунушташ керек, бул маселеге көңүл буруш керек. Фирмалар менен өзүнчө сунушташ керек. Билеттер боюнча айтуу кыйын. Баалар өсүп атпайбы. Бардык студенттерди каттап, бир-эки студентке жардам бере алабыз. Баарына эмес.

- "21-кылымдын кадрлары" деген атайын программанын алкагында сыртка окуп кеткен балдардын саны өстү эле. Азыр тенденция кандай? Кайсы жакка окуп кеткендер көп?

- Тенденция өсүп атат. Деги эле миграциялык тенденция өсүп, аны менен сыртка окууга чыгып кеткен студенттердин саны да жогорулап жатат. Экинчиден, Кыргызстан ачык болуп бара жатат. Жалпы эле экономика жактан эмес, билим берүү жактан да. Мындан эки жыл мурда чет өлкөдөн Кыргызстанга келип окуган студенттердин саны 14 миң болсо, азыр 25 миң болуп калды. Тогуз миңге көбөйүптүр.

- Сыртка кеткендер көбүнчө кайсы өлкөлөрдү тандайт?

- Адегенде Орусия. Анткени билим берүүнүн сапаты жакшы, экинчиден тил маселеси жок. Анан Түркия менен Кытай, кийинки орунда АКШ. Германия, Жапонияда бар. Малайзияга кеткендер көбөйүүдө. Былтыр эле окуганы отуздан ашуун бала кетти. Географияны алып караганда кыргызстандык студенттер окуп кеткен мамлекеттердин саны да өсүп атат.

- Ошол өлкөлөрдө кайсы багытта билим алып жатышат?

- Көбүнчө инженер багытында, анан медицина.

- Июнь окуясынан кийин Кыргызстанга келип окуган чет элдик студенттердин саны кыскарганын белгиледиңиз. Канча пайызга азайганы тууралуу маалымат барбы?

- Түркмөнстан 80% кыскартты, Пакистан, Индия анча-мынча, аларда анча көп эмес. Ал эми жалпы канча кыскарганын эч ким анализ кылган жок. Болгондо да кимдер келбей жатканы эми белгилүү болуп атат. Башынан алар да карап турду да, күзгө чейин абал кандай болот деп. Кечигип келгендер бар. Бирок биз кечигип келген студенттерди колдоп, жардам берип жатабыз.

- Чет өлкөгө билим алуу үчүн кеткен студенттердин канчасы кайра кайтып келүүдө? Ушундай маалымат барбы?

- Бул боюнча маалыматты айта албайм. Бирок сыртка кеткендердин көпчүлүгү ошол жакта калып жатат, айрыкча Батыш өлкөлөрүнө кеткендер. Бул айлык акы маселесине, жашоо-шартка байланыштуу болуп атат. Экинчи маселе, келген студенттер бул жактан жумуш таппай жатат. Же чиновниктер түшүнбөй жатат, же балдардын өзүнө жакпай жатат. Бул багытта да бир топ иштерди жасаш керек.
XS
SM
MD
LG