Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Ирактагы жардырууда 50 киши набыт болду


Ирак бийликтерине ылайык, шийиттердин ыйык шаары болгон Карбаланын чет жакасында эки жанкечти жардыргыч затка шыкалган унааларын жардырып жибергенде, аз дегенде 50 киши набыт болуп, дагы 150 чакты киши жараат алды. Мунун алдында Багдаддан 60 чакырым түндүк-чыгыштагы Бакуба шаарында полиция бөлүмүнүн алдында жанкечти машинасын жардырып, өзү менен кошо 3 кишинин канына забын болгон. Бүгүнкү жардыруулар үч күн ичиндеги коопсуздук күчтөрүнө каршы үчүнчү чабуул болуп калды.

XS
SM
MD
LG