Парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” курган маегинде июнь окуяларынын от алышына Убактылуу өкмөттүн кадр саясаты себепчи болгонун айтты. Камчыбек Ташиев өткөн жылдын 13-14-май күндөрү Жалал-Абад облустук администрацияны губернатордун каршылаштары басып алган учурда имаратты бошотуу үчүн губернатор Бектур Асанов өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровдун тарапкерлерине кайрылганын айтты. "Натыйжада Батыровдун кишилери чогулгандарга ок атып, анда үч киши мерт болгон. Мындан улам абал курчуп кеткен",-деди парламент депутаты.
Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов Камчыбек Ташиевдин айткандарын четке кагып, муну Убактылуу өкмөттүн кадрларын бир беткей жаманатты кылуу аракети катары бааларын “Азаттыкка” курган маегинде билдирип, К. Батыровго кайрылбаганын белгиледи. (KKs)