21-январда Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн операциянын натыйжасында Кара-Суу районунунда “Хизб-ут Тахрир” уюмунун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, уюмдун үч мүчөсү райондук соттун чечими менен Кара-Суу районунун Таширов, Киров жана Курбан-Кара айылдарындагы текшерүүдөн соң кармалган. Алардын үйүндө диний-экстремисттик маанайдагы дисктер, баракчалар, китептер табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
18-январда ушул эле Кара-Суу шаарындагы ас-Сарахси жамы мечитинин имамы Рашод кары Камалов өзбекстандык эки жарандын арызы боюнча Бишкекте кармалган. Ага көз бойомочулук кылган деген айыптар тагылууда. (KKs)