Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Баткенде бодо малдарды текшерүү иштери башталды


Кадамжай районунун Жаштилек айылынын тургундарынын “Азаттыкка” маалымдашынча, акыркы эки күндө айылда эки бодо мал жана бир ит кутурма дартына кабылды деген шек менен жок кылынган. "Мындай абалдын пайда болгондугу тууралуу жергиликтүү бийликке маалыматтар берилгенине карабай азырынча чара көрүлө элек" деп маалымдашты айыл тургундары.

Баткен облусунун ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Эркин Таштанов буга байланыштуу маалыматтарга ээ болгонун айтып, “бирок кутурма деп так айтуу азырынча эрте, анткени анализдер чыгып тактала элек, бирок миң башка жете тургандай дары-дармектер аймакка жөнөтүлдү”,-деп белгиледи.

Актурпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Имаров ушул тапта тиешелүү адистер айылга келип, шектүү иттерди атуу жана малдарды текшерүү иштери башталганын билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG