Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Домодедоводогу жардырууда Кыргызстандын жараны да каза тапты



Москвадагы ири аэропорттордун биринде кечээ кечке жуук болгон жарылуудан кеминде 35 киши каза тапты, 150дөн ашык адам жаракат алды. Каза тапкандар ичинен азырынча өздүгү таанылган 25 адамдын тизмесинде 1987-жылы туулган Мурат Хакназаров Кыргызстандын жараны деп көргөзүлгөн. Тизмени Орусиянын маалымат каражаттары жарыялады.

Кечээги жарылуудан соң Москванын аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Президент Дмитрий Медведев окуяны террордук акт деп атады жана аны уюштургандар табыларын убада кылды.

Жардыруу үчүн азырынча эч ким өзүнө жоопкерчилик ала элек, бирок шектенүүлөр Кавказдан чыккан согушкерлерге багыттталууда. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, жардырууну жанкечти жасагандай.

Аналитиктердин пикиринде, козголоңчулар Орусияда 2012-жылы өтүүчү президенттик шайлоону утурлай кыянатчылыктарды күчөтүүнү мерчемдешүүдө.

Дүйнө лидерлери, анын ичинде АКШ президенти Барак Обама, БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, НАТО башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Домодедоводогу жардырууну айыпташты. АКШ өз тарабынан Орусияга жардамын сунуш кылды. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Мексикада жүргөн жеринен буларды айтты:

-Мен Москванын аэропортундагы терракты кескин айыптарыбызды билдиргем келет. Бул кайгылуу учурда Орусиянын эли менен биргебиз. Биз көңүл айтуубузду жана алар баарыбыз туш болуп жаткан эл аралык терроризмдин коркунучун жоюу үчүн күрөшүн улантып жаткан шартта бекем тилектештигибизди билдиребиз.

Былтыр март айында теги боюнча дагестандык эки жанкечти аял метродо жардыруу жасаганда, 40 киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG