Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:26

Президент Медведев Домодедовонун жетекчилигин айыптады


Орус президенти Дмитрий Медведев коопсуздукту жетиштүү деңгээлде камсыздабагандыгы үчүн Домодедово аэропортунун жетекчилигин айыптады. Жанкечти деп шектелген адамдын жардыруусунан кечээ аэропортто кеминде 35 киши жан таслим болду, 110дөй киши жараат алды.
Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок орус бийлиги Кавказдагы согушкерлерден шектенүүдө. Былтыр мартта дагестандык эки аял метродо уюштурган жардыруудан 40 киши набыт кеткен. Дүйнө лидерлери 24-январдагы терактты айыпташты. Курман болгондордун арасында кеминде 8 киши чет өлкөлөрдүн жарандары болчу. Айрым маалыматтарга караганда, аэропортто кыргызстандык бир киши да набыт болду. Орусиянын жарандыгын алган крыгызстандык бир аял ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG