Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:41

Азимжан Аскаровдун көзөмөл арызы каралууда


Ушул тапта укук коргоочу Азимжан Аскаровдун көзөмөл арызы Жогорку Сотто териштирилип жатат. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, Аскаровго Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деп айыптар коюлуп жатат. Укук коргоочу өзүнө коюлган дооматтарды четке кагууда. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Сот чечимин айрым жергиликтүү жана эл аралык укук коргогон уюмдар айыптап чыгышкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG