Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Бүгүн Санжар Бакиевдин соту уланат


Мурдагы президенттин тууганы Санжар Бакиев баштаган беш адамга былтыр 13-14-май күндөрү Жалал-Абат шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган.
2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Санжар Бакиев болсо өзүнө коюлган айыптарга макул болбой, апелляциялык арызын Чүй облустук сотуна тапшырган болчу.
Сот жараянынын өткөн жолку отурумунда Жалал-Абат облусунун акими (губернатору) Бектур Асанов күбө катары көрсөтмө берген. (EBM)

XS
SM
MD
LG