Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Бишкекте парламенттик башкаруу системасы талкууланып жатат


Бүгүн Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Кыргызстандагы парламенттик башкаруунун иштеп кетүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаган эл аралык илимий конференция өтүп жатат. “Парламенттик республиканын калыптанышынын саясий укуктук негиздери жана эл аралык тажрыйба” деп аталган бул конференцияга жергиликтүү саясат таануучу, адистер менен бирге Казакстандан жана Евробиримдиктен да өкүлдөр катышууда. Эки күнгө созула турган бул иш-чара Улуттук университеттин демилгеси менен өтүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG