Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Лахордо америкалык эки пакистандыкты атып өлтүрдү


АКШнын Лахордогу консулдугунун кызматкери 27-январда пакистандык эки мотоциклистти атып өлтүргөнү ырасмий маалымдалды. Лахор полициясынын акими Аслам Тариндин билдиришинче, консулдуктун коопсуздук кызматында иштеген америкалыкты эки жолдун кесилишиндеги светофордо мотоцикл минген эки куралчан буктурмага алганда, ал өзүн коргоо үчүн ок аткан. Бул кабарды Исламабаддагы АКШ элчилиги тастыктады.

Аслам Тариндин маалымдашынча, куралдуу кагылыштан көп өтпөй АКШ консулдугунун унаасы окуя болгон жолдун боюндагы аллеяга чыгып кетип, эки кишини тепсеп, алардын бири каза тапкан. Бул окуядан соң пакистандыктын өлүмүнө нааразы болгон 100дөн ашуун адам жолду бууп, машиненин дөңгөлөктөрүн өрттөштү.

XS
SM
MD
LG