Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиевдин соту 1-февралда уланат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков менен экс-депутат Искак Масалиевдин соту 1-февралда улана турган болду. 27-январда өткөн соттук отурумда иш боюнча күбөлөрдүн айрымдары суралып, калганы кийинки отурумда көрсөтмө беришмекчи. Ү. Сыдыков менен И. Масалиевге 2010-жылдын 13-14-май күндөрү Ошто, Жалал-Абадда "бийликти күч менен алууга аракеттенген", "массалык башаламандык уюштурган" деген айыптар тагылууда. Кылмыш ишинин козголушуна Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү негиз берген. Айыпталып жаткандар өздөрүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий буйрук катары сыпатташууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG