Оппозициядагы Социалисттик партиянын жактоочулары мындан бир апта мурун мерт болгон үч демонстранттын арбайын бүгүнкү көчө жүрүшү учурунда эскермекчи. Полиция бүгүнкү нааразылык акциясы тынч аяктарына кепилдик бере албасын айтууда. Зордук-зомбулуктар болушу мүмкүн деген кооптонуулардан улам Евробиримдик, АКШ, ЕККУ Албаниянын социалисттерин бүгүнкү жүрүш боюнча чечимин кайра карап көрүүгө чакырды. ЕККУ ошондой эле албан премьер-министри Сали Бериша менен социалисттердин лидери Еди Раманы өз ара диалогду кайра жандандырууга үндөдү.