Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

Барак Обама Египетти зордук-зомбулукка барбоого чакырды


АКШ президенти Египеттин президенти Мубарак менен телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШ өз укугун коргоп турган карапайым египеттиктер тарабында экендигин билдирди:

- Президент Мубарак сыналгы аркылуу египеттик элге кайрылганда --демократия менен чоң экономикалык өзгөрүүлөр болоорун айтты. Мен ал сөз сүйлөп бүтөөрү менен телефон аркылуу байланыштым. Мен ага берген өз убадаларын аткаруу, конкреттүү аракеттерди көрүү жоопкерилиги анын мойнунда экендигин айттым.

Бүгүн дагы Каирде жүздөгөн адамдар президенттин тактан кетүүсүн талап кылышты. Жалпысынан башаламандыкта ондогон адамдар набыт болгону кабарланууда.

Президент Мубарак мамлекеттик сыналгы аркылуу элге кайрылып, өкмөт кызматтан кеткендигин, өлкөдө саясий, экономикалык реформалар болоорун айтып, өзү болсо президенттиктен баш тартпай тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG