Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Казакстан менен Кыргызстан ортосунда инвестициялык кор түзүү демилгеси талкууланды


Мындай демилге кечээ кыргыз президенти Роза Отунбаева Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу маалында талкууланып, социалдык-экономикалык маселелер жаатында эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров “Азаттыкка” билдирди. “Бул жолку сүйлөшүүлөр үзүрлүү болгонун президент Роза Отунбаева өзү белгиледи”, - дейт Султан Каназаров. Өз кезегинде президент Роза Отунбаева Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттер аралык долбоорду иштеп чыгуу боюнча демилгени көтөргөндүгү үчүн казак президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазычылыгын билдирди. 28-январь күнү казак элине болгон кайрылуусунда Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга мамлекеттер аралык деңгээлде жардам берүү зарылдыгы турганын шардана кылган эле. (ES)

XS
SM
MD
LG