Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Египет армиясы элди кадимки жашоого кайтууга чакырды


Армия мындай билдирүүнү президент Хосни Мубарак кечээ кайра шайланууну көздөбөй тургандыгын жарыялагандан кийин жасады. Армия өкүлү белгилегендей, египеттиктер өз сөзүн айтты жана алардын талабы кабыл алынды. Эми көчөдөгү демонстранттар “кадимки жашоону калыбына келтирүүсү керек”.

Мурдараак Египет армиясы көчөгө чыккан элдин “талабы мыйзамдуу” болгондуктан аларга каршы күч колдонбой тургандыгын айткан.

Анткен менен Каирдин борбордук Тахрир аянтында топтолгондор кала берүүдө. Бүгүн - Мубарактын президенттиктен кетишин талап кылган нааразылык акцияларынын тогузунчу күнү. Каирде жана башка шаарларда Мубаракты жактаган топтордун да демонстрациялары болду. Кечээ президентке каршы чыккандар саны, байкоочулар баамында бир нече жүз миңден эки миллион кишиге чейин жеткен.

Бүгүн Египетте акыркы аптада бир нече жолу үзгүлтүккө учураган уюлдук байланыш жана интернет кызматы калыбына келгени да кабарланууда.

XS
SM
MD
LG