Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

"Ал-Жазииранын" Каирдеги кеңсеси өрттөлдү


Араптардын “ал-Жазиира” телеканалынын Каирдеги кеңсесине жума күнү чабуул жасалды. Баш кеңсеси Катарда жайгашкан телеканал анын Каирдеги бөлүмү ичиндеги жабдуулары менен кошо өрттөлгөнүн маалымдады. Өткөн жекшембиде Египет бийликтери “ал-Жазииранын” кабарчыларынын аккредитациясын жокко чыгарып, Египетте иштөөсүн токтоттурган эле. Телеканал ошондой эле тогуз кабарчысы азыр Каирде камакта отурганын билдирди. 3-февралда Батыш өлкөлөрү Египетте журналисттерге кол салууларды жана аларды камакка алууну айыптаган.

XS
SM
MD
LG