Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Кыргызстанда диний-экстремисстик уюмдардын 2 миңдей мүчөлөрү бар


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 5-февралда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл жана Нарын облустарынын активдеринин катышуусунда өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, экстремисстик маанайдагы уюмдардын анык саны алда канча көп болушу мүмкүн. Буга чейин мындай уюмдардан 26 даана ок атуучу курал, 1610 даана ок-дары, көп сандагы жардыргыч зат, ошондой эле 3 миңден ашык экстремисттик мүнөздөгү материалдар тартып алынган. Мындан сырткары Кыргызстандагы 4 негизги уюшма кылмыштуу топко 326 киши кирет. Алардын ичинен өткөн жылы 67 киши, же алардын бештен бир бөлүгү гана кармалган жана жоопкерчиликке тартылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG