Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

“WikiLeaks” барагынын ээсин сот күтүүдө


Бүгүн Лондондо “WikiLeaks” интернет барагынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын соту башталат. Сот аны Швецияга өткөрүп берүү маселесин кароого тийиш. Ассанж Швецияда эки аялды зордуктаган деп шектелүүдө. Ал өзүнө коюлган дооматты четке кагып, бул кылмыш иши саясый жүйөөдөн улам козголду деп эсептейт. Ассанж “WikiLeaks” барагында АКШлык дипломаттардын он миңдеген жашыруун кат-кабарларын жарыялаган. Адвокаттардын ырасташынча, эгерде Ассанж Швецияга өткөрүлүп берилсе, андан ары ал Кошмо Штаттарга экстрадиция болушу ыктымал. Дүйнөдө Ассанжды колдогон да иш-чаралар өткөрүлдү.
Лондондогу сот жараяны эки күн ичинде жыйынтыкталат деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG