Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

АКШ базасына май ташуу иштери жаңы баскычка чыкты


АКШнын Кыргызстандагы Транзиттик жүк ташуучу борборун күйүүчү май менен камсыздоо тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюлду. Анын натыйжасында казынага жылына 60 миллион доллардай каражат түшөрү болжонууда.

“Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борборун күйүүчү май менен камсыздоо үчүн ырасмий Вашингтон миллиондогон каражаттарды жумшайт. Бул аба база жылына 360-400 миң тоннанын тегерегинде күйүүчү май керектейт. Эми анын тең жарымын былтыр Убактылуу өкмөт түзгөн “Манас” күйүүчү май куюучу мамлекеттик ишканасы камсыздамакчы. АКШ жана Кыргыз мамлекетинин өкмөттөрү 8-февралда дал ушул маселени жолго коюучу келишимге кол коюшту.

Мурдагы президенттер А.Акаев, К.Бакиевдердин тушунда аталган базаны күйүүчү май менен Mina Corporation жана Red Star Enterprices компаниялары камсыздап турган. Өз кезегинде аталган компаниялар бир канча жергиликтүү компанияларды жалдап иштетишкен. Дал ошол жергиликтүү компаниялар мурдагы президенттердин үй-бүлөлөрүнө тиешеси бар экендиги, алар АКШ базасын күйүүчү май менен камсыздоо бизнесинде миллиондогон каражаттарды өз чөнтөктөрүнө салып турушканы айтылып келген.

"Мыйзамдаштырылган" коррупция

Былтыр 7-апрелде Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин бийликти колго алган Убактылуу өкмөт Транзиттик борборго күйүүчү май ташуу иши коррупциялашканын, мунун айынан өлкө бюджети жылына миллиондогон каржаттарды жоготуп атканын айтып чыгышкан.

Кубатбек Байболов
Башкы прокуратура бул боюнча кылмыш ишин козгогону менен азыркыга чейин аны аягына чыгара элек. Башкы прокурор Кубатбек Байболов “мурдагы президент коррупциялык схеманы парламент аркылуу мыйзамдаштырып койгон. Ошондуктан мыйзам бузууларды таппай отурабыз” деп алакан жайууда.

“Манас” күйүүчү май куюучу мамлекеттик ишканасынын жетекчилери Транзиттик борбор керектеген авиакеросиндин 50 пайызын оңой-олтоң эле камсыздашарын айтышат. Ал үчүн кыргыз тарап Орусиянын “Газпромнефть АЭРО” компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүшкөн. АКШ тарап мындай иштешүүгө каршы болбоду.

АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ларри Маммот келишимге кол коюлгандан кийин сөз сүйлөп, АКШ базасын күйүүчү май менен камсыздоо ачыктык болушу керектигин белгиледи:

- Биз келишимге кол коюу менен жаңы процессти баштап атабыз. Бүгүн бул багытта биринчи кадамды таштадык. Бул жерде биз бардыгы ачык болушун каалайбыз жана бардык акчалар Кыргызстандын бюджетине түшүүсүнө тилектешпиз.


“Манас” күйүүчү май куюучу ишканасы күйүүчү майларды бир гана Орусиядан эмес, башка өлкөлөрдөн да тартып келишерин айтышууда. Аталган ишкананын директорунун орун басары Тилек Исаев мындай дейт:

- Күйүүчү майларды тартып келүү иштери диверсификацияланган түрдө болот. Ушул тапта бизде “Гапромнефть АЭРО” менен түз келишимибиз бар. Андан тышкары башка жолдорду да карап атабыз. Маселен, Беларустан, Латвиядан. Мындайча айтканда бул ишти бир эле компания уюштура албайт.

Сол чөнтөк

Жакында эле биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да Азербайжанга барып, ал жакта күйүүчү майлар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү айтылган. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев да Орусияга иш сапары менен барганында күйүүчү май тууралуу сүйлөшкөн.
Бул жерде биз бардыгы ачык болушун каалайбыз жана бардык акчалар Кыргызстандын бюджетине түшүүсүнө тилектешпиз.
Ларри Маммот


Анткен менен АКШ базасына мамлекеттик ишкана тарткан майдан салык алынса да Mina Corporation алып келчү майлар мурдагыдай эле бюджетке бир да тыйын төкпөйт. Анткени бул компания К.Бакиевдин тушунда эки тараптуу келишим боюнча бардык салыктын түрлөрүнөн бошотулган.

Тар чөйрөлөрдө жана айрым маалымат каражаттарында АКШ базасын май менен камсыздоодогу мурдагы схема дагы эле иштеп атканын айтылат. Мисал катары кайдан-жайдан Марат Малатаев жетектеген Mega Oil аттуу компания чыга калганы, Mina компаниясынын айланасында чуу болуп аткан маалда бул ишкана Бажыда турган 15 миң тонна авиакеросинди Транзиттик борборго сатканы айтылууда. Интернет баракчалары бул ортомчулукта Mega Oil тоннасы 850 доллардан турган майды 1030 долларга сатып, ортодо 1,5 миллион долларга чукул киреше көргөнүн, алардын аркасында таасирдүү адамдар турганын айтышат. Ошентсе да ушул тапта бийлик өкүлдөрү 15 миң тонна авиакеросин, Mega Oil тууралуу маалымат бербей турушат.

XS
SM
MD
LG