Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:37

Башкырстанда "Кавказ эмирлиги" уюмунун мүчөлөрү кармалды


Башкырстандын Ички иштер министрлигинин маалыматында кармалган төрт кишинин бири топтун лидери экени айтылат.

Кармалгандардын биринин батиринде жардырууга керектелчү түзүлүштөр табылган. Кармалгандара каршы жардыруучу заттарды, аны ишке ашыра турган түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, жасоо, сактоо боюнча кылмыш иши козголду. Эгер шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, сегиз жылга чейин абакка кесилет.

Буга чейин "Кавказ эмирлиги" уюмунун жетекчиси Доку Умаров Москванын Домодедово аба майданында болгон жардырууну анын адамдары ишке ашырганын жар салды.

XS
SM
MD
LG