Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

"Мунапыс" уюму ирак түрмөлөрүндө кыйноолор бардыгын билдирди


Ирактын коопсуздук күчтөрү абакта кармалгандарга кыйноо жана башка адамга оор залакатын тийгизген чараларды колдонуу менен айып тагаарын уюмдун баяндамасы билдирет.

Лондондо жайгашкан бул эл аралык уюмдун маалыматында, абактагы кыйноолордон кийин ондогон адам көз жумган. "Мунапыс" уюму Ирактын Жогорку Соту кыйноолордун арты менен күнөөнү мойнуна алган айыпталуучуларга көз жумуп койгон учурлар көп кездешерин да айтат.

Ошондой эле Ирактын коргонуу жана ички иштер министрликтеринин жашырууну абактары бардыгы да маалымдалат.

Баяндамада 2009-2010-жылдары АКШ куралдуу күчтөрү он миңдеген ирактыктарды сотко тартып, бирок аларга эч кандай коргонуу чараларын камсыз кылбагандыгы да айтылат.

Ушул апта башында "Хьюман Райтс Уотч" уюму ирак өкмөтүн жашыруун абактарды жоюп, же аларды Юстиция министрлигинин ачык көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө чакырды. Ал эми Ирак бийлиги өлкөдө эч кандай жашыруун абактар жоктугун айтып келет.

XS
SM
MD
LG