Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Баш прокуратура “Альфа” боюнча жоопкерчилик алуудан баш тартты


Башкы прокуратура “Альфа” тобунун оор кылмышка шектелип жаткан кызматкерлерин атайын операцияга салынышы боюнча жоопкерчилик Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте, деп билдирүү таратты. Билдирүүдө 2010-жылы 7-апрелде Бишкекте тынч, куралсыз чогулган элге каршы ок аткан деп айыпталып жаткан 7 альфачынын ишин Биринчи май райондук соту карап, айыпталгандардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп үй камагына чыгарылганын, бул ишти кийин Бишкек горнизондук аскер соту тергей баштаганын, ошондуктан аларды атайын операцияга аралашуусу боюнча УКМК жооптуу экени айтылат.

5-январда Бишкектен анча алыс эмес Беш-Күңгөй айылында террорчу деп шектелгендерге каршы атайын операция маалында альфачы Жеңишбек Бабараимов окко учкан. Кийинчерээк Бабараимов 7-апрелде Бишкекте тынч чогулган элге ок чыгарган деп айыпталып жаткан аскерлердин бири экени анык болгон.

12-февралда Бишкекте Башкы прокуратуранын жамааттык жыйынында президент Роза Отунбаева террорчуларга каршы атайын операцияга “Альфанын” айыпталып жаткан кызматкерлеринин тартылышы боюнча прокуратура кызматын кескин айыптаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG