Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Египетте оппозицияда жүргөн кыймыл саясий партия түзөт


“Мусулман агайындар” кыймылынын жарыясына караганда, ал бийликтен кетүүгө аргасыз болгон президент Хосни Мубарактын тушундагы чектөөлөр алынып салынгандан кийин саясий партия курат. Мубарактын тушунда бул исламчыл уюмдун ишмердигине расмий тыюу салынганы менен ал коомдук турмуштан такыр эле сүрүлүп калган эмес.

Бул аралыкта Египеттин аскерий жетекчилиги профсоюздарды жана жумушчуларды иш таштоону токтотууга чакырышты. Кечээ миңдеген жумушчулар айлык акыны көбөйтүү жана жумуш шартын жакшыртуу талабы менен иш таштоого барышкан.

Аскерий жетекчилик парламентти таратып, Конституциянын күчүн токтотту. Ал өлкөнү алты айга, президенттик жана парламенттик шайлоо өткөнгө чейин башкарарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG